15
Июнь
Долбоор: 1500 жумуш орундуу фабрика курулат
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Сейтек КУЛУБАЕВ Керме-Тоо айылынын Жеңиш участогуна барышты.
Бул сапардын негизги максаты “Ош Глобал Текстиль” жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы фабриканын курулушуна мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүү.
«Ош Глобал Текстиль» ишканасы Кыргыз Республикасынын аймагында жип ийрүү фабрикасын, трикотаж цехин жана пахта сырьесун кайра иштетүү боюнча боёо жана тигүү цехин курууну пландаштырууда. Жаңы жумуш орундарын түзүү бул долбоордун негизги максаттарынын бири. Жип ийрүү фабрикасынын кубаттуулугу 6000,00 тонна, трикотаж цехи 1800,0 тонна, тигүү цехи 900 тонна пахта сырьесун түзөт.
Ишкананын пландарына ылайык, кеминде 1500 жумуш орундары түзүлөт, бул аймактын экономикасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртууга олуттуу салым кошот.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул долбоорду толук колдой тургандыктарын билдирип, анын Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшү жана социалдык өнүгүүсү үчүн маанисин баса белгиледи. Ошондой эле, “Ош Глобал Текстиль” жаңы комбинаты жаңы жумуш орундарынын олуттуу булагы болуп, өлкөнүн текстиль продукциясынын экспортун көбөйтүүгө көмөктөшөөрүн белгилешти. Жаңы жумуш орундарын түзүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыт катары таанылган жана бул туруктуу экономикалык өсүшкө жана калктын бакубаттуулугуна жетишүүгө дагы бир кадам болуп саналат.