28
Июнь
Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов МинКаб Төргасы Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин ыйык майрам – Курман айт менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин мусулмандардын ыйык майрамы – Курман айт майрамы менен куттуктады.
“Бүткүл мусулман эли ыраазычылык жана шыктануу менен тосуп ала турган бул кубаныч биздин бир тууган элдерибиздин ортосундагы ынтымакты жана достукту мындан ары дагы чыңдоого жана мамлекеттерибиздин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү тездетүүгө кызмат кылат деп ишенем”, - деп белгилеген Абдулла Арипов, Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуу өнүгүү каалады.