04

Июль

2023

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Талантбек Арстанкулов, Ош облусундагы ардагерлер жана медицина кызматкерлери катышты.


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев медицина кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, калктын саламаттыгына өзгөчө салым кошкон  бир катар кызматкерлерге Ардак грамота, белектер тапшырылды. Мындан сырткары облуста эмгеги сиңген медицина тармагындагы ардактуу инсандарга  Ош облусунун “Ардактуу атуулу” наамы жана “Даанышман” медалы ыйгарылып, балуу белектер берилди.


Иш-чаранын кийинки бөлүгү Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы тарабынан даярдалган  концерттик программа менен коштолду.


 "Урматтуу калк саламаттыгына кам көрүүчүлөр, ак халатчандар!
 Кадырлуу дарыгерлер, мээрбан айымдар!

 
 Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен Сиздерди чын дилимден куттуктаймын.
 
 Эзелтеден эле кайсы гана коомдо болбосун дарыгерлер ошол коомдун эң барктуу, эң баалуу катмары болуп келген. Сиздердин кесибиңиздер майрам менен дем алыш күндөрүн билбеген, бардык күчтү, боорукердикти, мээримдүүлүктү, чыдамкайлыкты, кайраттулукту, талыкпас эмгекти талап кылган ардактуу жана сыймыктуу кесип.
 
 Адамзат үчүн эң баалуу анын ден-соолугу жана өмүрү болсо, ак халатчан дарыгерлер ар бирибиз үчүн илгери үмүттүн жана боорукерликтин белгиси. Сиздер ар дайым жакшылыкка жол ачып, ишиңиздердин жоопкерчилигин сезип, берген антыңыздарга бекем туруп, күн сайын ар бир бейтаптын ден соолугу үчүн күрөшүү менен оору сыркоодон айыгууга шарт түзүп, кээде өмүрдү ажалдан арачалап каласыздар.
 
 Элибизде “Дени сактын – руху бийик” дегендей, элибиздин кайгысына да, кубанычына да ортоктош болуп, эл менен бирге болуп, элибиздин рухунун бийик болуусуна да салым кошуп, улуттук генефондубуздун, дени сак жана сергек коомдун түптөлүүсүнө өзгөчө кам көрүп келесиздер. Айрыкча, 2020-2021-жылдардагы коронавирус илдетинин кесепеттери менен күрөшүүдө ден соолук сакчыларынын эрдиги, жаратман эмгеги жана ак пейилдиги дале бүгүн эсибизде.
 
 Урматтуу салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары!
 
 Калк саламаттыгы өлкөдө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Ошол үчүн кылым карыткан кыргыз элинде “Биринчи байлык-ден соолук” деп бекеринен айтылган эмес.
 
 Ал эми мамлекетибиз ак халатчандардын коомдогу кадыр-баркын көтөрүүдө, ыңгайлуу шарттарды жаратууда жана кыргыз медицинасынын жаңы тарых барактарында жаратмандарды таптоодо бир топ алгылыктуу жумуштарды аткарып, саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана бейтаптарды кабыл алуу менен дарылоодо акыркы заманбап үлгүдөгү жабдыктар менен камтууда демилгелүү иш-аракеттер улантылып келе жатат.
 
 Ар кандай оорулардын алдын алуу, адам өмүрүн узартуу, калкыбыздын ден соолугуна камкордук көрүү, энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо медицина тармагынын негизги иш багыты катары бааланса, Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Нуркожоевич Жапаров саламаттыкты сактоо программаларынын аткарылышына шарт түзүп, калкыбызга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү көзөмөлгө алуу багытында олуттуу иш-чараларды жүргүзүп, жергиликтүү бийлик органдарына саламаттыкты сактоо тармагын ар тараптан колдоо тапшырмасы берилип, калкыбызга сапаттуу медициналык тейлөөнү уюштуруу милдети баарыбызга коюлган.
 
 Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2030-жылга чейин калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча “Дени сак жаран-өнүккөн өлкө” программасы бекитилип, 2030-жылга чейин ар бир жаран, үй-бүлө жана бардык коом жашоонун сергек мүнөзүн карманып, дени сак болууга умтулушуна жана саламаттык сактоону башкаруу тутумуна тартылышына багыттоо тапшырмасы коюлду.
 
 Учурда Ош облусунун аймагында калкыбызга кечиктирилгис биринчи медициналык жана адистештирилген медициналык жардамдар өз убагында көрсөтүлүү менен жер-жерлерде көп тармактуу бейтапканалардын курулушу, алыскы тоолуу аймактарда фельдшердик акушердик пункттардын ишке берилиши, жалпы дарыгерлердин практикалык борборлорунун жаңы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен толукталышы кызуу жүргүзүлүүдө.
 
 Урматтуу салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары!
 

 Улуттун саламаттыгы силердин жана биздин колубузда, ал экономиканын ырааттуу өнүгүүсүндө жана мамлекеттүүлүк институттарын бекемдөөдө абдан маанилүү. Медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу өз ишине берилген боорукер, жүрөгү таза, кең пейил, кесипкөй адистерге гана таандык. Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарабызга да дал ошондой Асамидин Марипов, Сейтахун Ибраимов, Рахман Маматкадыров, Валентина Акимова, Ибадат Сулайманова, Болот Омошев, Абдылда Каныбаев, Каныбек Муратов сыяктуу ардагер дарыгерлерибиздин катышып жатышы - өсүп келе жаткан жаш ак халатчандардын өз ишине ак ниеттүүлүк менен мамиле жасоого болгон мамилесин өзгөртүп, тарбиялык зор мааниге ээ жана басып өткөн жолу жана турмуштук тажрыйбасы аба менен суудай зарыл экендигин баса белгилегим келет.
 Андыктан, электрондук ыкмаларды кеңири колдонуу жолу менен саламаттык сактоонун маалыматтык тутумун түзүү, заманбап кесипкөй адистерди даярдоо, илим менен техниканын алдыңкы жетишкендиктерин айкалыштырып иш алып баруу менен элибиздин саламаттыгына кам көрүү бул биздин алдыдагы максатыбыз жана милдетибиз болуусуна тилектешмин.
 
 Урматтуу ден соолук сакчылары,
 кадырлуу дарыгерлер, мээрбан айымдар!
 

 Жалпы медицина тармагында, калкты сапаттуу медициналык тейлөөдө көйгөйлөр жок эмес. Көпчүлүк учурда ооруну алдын алуу, профилактика, сергек жашоо образын калыптандыруу сыяктуу жумуштарыбыз көмүскөдө калып, келген бейтап менен алектенип, саламаттыкты сактоо маселелерин жалаң гана дарыгерлерибиз менен мээрбан айымдарыбызга калтырып койгон учурларыбыз да орун алып жатат. Бирок андай маселелердин баарын медицина тармагындагы мол тажрыйбалуу адистердин сунуштарынын негизинде мамлекеттик бийлик органдарынын колдоосу менен биргеликте чечүүгө бел байлап жатабыз. Элибиздин саламаттыгын чыӊдоо, жарандарды сергек жашоого үндөө, оорулардын алдын алуу, замандын жаӊы коркунуч-чакырыктарына туруштук берүүгө даяр туруу — жалпы коомчулуктун милдети.
 
 Сиздердин кесибиңиздер — талыкпас эмгекти талап кылып, адамды мээримге жана камкордукка бөлөйт. Сиздер калкыбызды дарылоодо жана өмүрлөрүн сактоодо мыкты ийгиликтерди жаратып, ар бир бейтаптын жүрөгүндө жылуу көз ирмемдер менен эсте калып, дайыма сый урматтын үстүндө жүрүңүздөр.
 
 Сөзүмдүн соңунда, Сиздерди кесиптик майрамыныздар менен куттуктап, сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, аманчылык каалайм. Адамзаттын эң маанилүү кесиптеринин бирине айланган ден соолук сакчыларына элдин ыраазычылыгын жана алкышын алуу насип кылсын.
 Элибиз, жерибиз, өлкөбүз аман болсун. Дарыгерлерге дагы бир жолу алкыш айтам.
 
 Сиздерди терең урматто менен, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев.
 
 Жыл сайын, июль айынын биринчи жекшембисинде, Медицина кызматкерлеринин күнүн белгиленет.