04
Июль
2023
Жарандарды кабыл алуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов жарандарды кабыл алды
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдер жана айыл өкмөттөр онлайн катышты.
Эл тарабынан жер, турак-жай, жайыт, бизнести колдоо сыяктуу социалдык маанилүү маселелер айтылды.
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов жергиликтүү бийлик башчыларына калктын талаптарын жеринде мыйзам чегинде чечүү тапшырмасын берди.
Эскерте кетсек, өткөн жыйында облус башчысы Эльчибек Джантаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калк менен тыгыз байланышта болуу маанилүүлүгүн белгилеп, элдин маселесин жеринде чечип, тургундарды облус борборуна убара кылбоо милдетин койгон.