14
Июль
Алмаз Мамбетов Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды
Мамбетов Алмаз Ишенбекович 3 жылдык мөөнөткө Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп дайындалды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү макулдашуунун тиркемеси) кабыл алынды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.