17
Июль
2023
МинКаб жана БУУ ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" программалык Демилгесинин аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйынтыктарын карап чыкты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде ЕБ-БУУнун "Теңдик нуру" Демилгесинин Улуттук жетектөөчү комитетинин отуруму болуп өттү, анда Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган программанын алкагында өткөн үч жылдагы жетишилген жыйынтыктар каралып, үстүбүздөгү жылга карата иш-чаралар макулдашылды.
Улуттук жетектөөчү комитеттин теңтөрагалары болуп саналган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЕБтин Кыргыз Республикасындагы Элчиси, программаны ишке ашыруучу БУУнун агенттиктеринин жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү 2023-жылы Программа аяктаган учурга карата жетишилген натыйжалардын ар кандай деңгээлдеги туруктуулугун кантип камсыз кылуу керектигин талкуулашты.
Гендердик зомбулуктун натыйжалуу алдын алуу үчүн мыйзамдык, укуктук базаны чыңдоо жана зомбулуктан жабыр тарткан адамдарды коргоо жана колдоо механизмдерин институционалдаштыруу максатында программа улуттук жана облустук деңгээлде ишке ашырылып жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Программа 2030-жылга чейин гендердик теңчиликтин Улуттук стратегиясын жана 2022-2024-жылдарга иш-аракеттердин улуттук планын бардык деңгээлдерде иштеп чыгууну колдоду; зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоону бекемдеди, зомбулуктун курмандыктары үчүн акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетти, анын ичинде акысыз юридикалык жардамдын ишеним телефонун ачуу жолу менен (114), ошондой эле Бишкекте жана Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 12 ар башка муниципалитеттеринде кризистик борборлорду түзүүнү колдоду.