20
Июль
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Биз Президент белгилеген 3 принцип менен жашайбыз жана иштейбиз: мамлекеттин бүтүндүгү,элдин биримдиги, салык төлөө милдети

Биз Президент белгилеген 3 принцип менен жашайбыз жана иштейбиз: мамлекеттин бүтүндүгү,элдин биримдиги, салык төлөө милдети. Бул тууралуу 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.
МинКаб Төрагасы “экономикалык патриоттуулук” принциби коомго киргизилүүдө, деп кошумчалады.
“Салыктар – бул өнүккөн өлкөдө жана цивилизациялуу коомдо жашоо мүмкүнчүлүгү үчүн төлөгөн баабыз. Салыктарды өз убагында төлөө – мамлекеттин бакубаттуулугун камсыз кылат. “Салыкты” жаңы мектептерди, жолдорду, ооруканаларды, бала бакчаларды курууда, ошондой эле татыктуу пенсия, жөлөкпул жана эмгек акы түрүндө жарандар үчүн мамлекеттик социалдык кызматтарды колдоого кошкон “салым” катары кабыл алуу керек”, - деди МинКаб Башчысы.
Ал дүйнө, биздин жакынкы кошуналарыбыз тездик менен алдыга жылып, өнүгүп жатканын кошумчалай кетти.
“Мындай шарттарда биз бирөөнүн чечимин күтүп, жөн эле жатып алган жокпуз. Биз башка жолду тандадык: амбициялуу, өзүбүздүн күчүбүзгө ишенген жолду тандадык.
Проблемалар эч качан күтпөйт, ал бизден жоопкерчиликтүү жана оперативдүү, кесипкөй жана эффективдүү башкаруу чечимдерин талап кылат. Мындай чечимдер жаңы жана прогрессивдүү, өнүккөн, билимдүү жана дени сак, күчтүү Кыргызстандын негизин түзөт”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Министрлер Кабинетинин Башчысы белгилегендей, Министрлер Кабинети өлкөнүн башкы стратегиялык документи – өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы, анын алкагында кабыл алынган 5 жылдык план менен иш жүргүзүп жатат.
"Президенттин Администрациясы бул пландын так аткарылышын көзөмөлдөп турат. Ал биз үчүн иштин динамикасын, ошондой эле ар бир мамлекеттик органдын аткаруу тартибин көрүү үчүн базалык индикатор болуп саналат. Дагы бир жолу белгилеп кетейин, Кыргызстан "экономикалык секирик" жасады жана Улуттук программанын айрым амбициялык индикаторлорун ишке ашыруу 5 жылга белгиленген болсо, биз 2 жылдын ичинде эле аткарып койдук. Кыргызстан өнүгүүнүн алдыга суурулуп чыккан этабына өтүүдө", - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.