20
Июль
2023
Кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйыны өттү
2023-жылдын 13-июлунан 20-июлуна чейин Наманган шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыда боло турган демаркация маселелери талкууланып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаралардын жыйынтыгында тийиштүү Протоколго кол коюлду.