21
Июль
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда тараптар Кыргызстанда Starlink спутниктик интернет системасына кирүүгө жол ачуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы колдонуучуларды, атап айтканда, жалпы билим берүүчү мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди интернетке кошуу үчүн Starlink технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасы Starlink компаниясына өлкө боюнча маалыматтарды берүү кызматына лицензия берүүгө даяр экендигин билдирди.