08
Август
Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата 5 китеп жарык көрдү: Бет ачар аземи чоң салтанат менен белгиленди
Баткенде Кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүсү, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата, беш китептин бет ачары болду
“Арадан эки кылым өтсө дагы, көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары” ураанынын астында өткөн иш чара Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда уюштурулду.
Агартуучу, ойчул, философ Молдо Нияздын эмгектерин түбөлүк сактап калуу жана жайылтуу максатындагы уюштурулган иш чара “Китеп - дүйнөнү жарык кылат” деп аталды.
Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин республикалык денгээлде уюштуруу тобунун жетекчиси Нышанбек Кочкоров,КР Президентине караштуу "Мурас" фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарык көргөн китептердин авторлору катышты.
Иш чара Баткен облустук А. Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүш менен башталды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, “Молдо Нияз атабыздын эмгектерин байытуу жана даңазалоо багытында анын китептерин түрк тилине которулушу жана анын ишмердүүлүгүнө багытталып жазылган китептердин бет ачаарынын өтүп жатышы, кыргыз маданиятын байытууга жасалган кадамдардын далили. Аны изилдеп, байытып, келечек муундарга жеткирүүгө салым кошкон инсандарга терең ыраазычылык билдирем, Молдо Нияз атабыздын бизге калтырган кол жазмалары жана осуяттары биз үчүн баа жеткис белек” деп белгиледи.
Иш чаранын жүрүшүндө “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун негиздөөчүсү Айтмат Азамжан уулу сөз сүйлөп, сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу аземде китептердин авторлору, китептердин маани маңызы, максаты жөнүндө кеңири айтып беришти.
Иш чара концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, улуу инсандын 200 жылдыгына карата беш китеп жазылып, басылып чыкты. Алар,
- Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби
- Журналист Адылжан Жажановдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын” китеби
-Акын, жазуучу, тарыхчы жана публицист Муса Сапаевдин “Молдо Нияз Улуттук татыктуулук үчүн күрөш” китеби
-Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Ош педагогикалык гуманитардык институтунун ректору Бекмурза Зулуев жана Педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Мисирали Колдошовдун “Молдо Нияз алгачкы агартуучу” китеби
-Түркология илимдеринин доктору Гулзада Нурмаматова, Молдо Нияз боюнча докторлук илимин жактаган. “Санат дигарасттар” китебинин түрк тилине которгон.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы