17

Август

2023

“Баткенге жардам” атайын эсебине түшкөн каражаттын даректүү жана максаттуу жумшалышы комиссиянын көзөмөлүндө

Буга чейин маалым болгондой, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалдан соң, Баткен облусуна жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачылган. 

Атайын эсепке келип түшкөн акча каражаты, комиссиянын дыкат иликтөөсүнөн кийин гана муктаждыкка жараша даректүү жумшалат, каражаттын максаттуу жумшалышы көзөмөлгө алынат. 

2022-жылдын 16-сентябрынан тартып 31-декабрына чейин КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине   түшкөн сумма 349 миллион 104 миң 138сомду түзгөн.

Райондук жана шаардык Жарандык коргонуу комиссияларынын Актыларына ылайык тизмедеги баардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине атайын счеттун эсебинен 200 000 сомдон акча каражаты толук төлөнүп берилди. 

- Баткен районундагы 329 толук өрттөнгөн жана 162 капиталдык ремонтко муктаж үй ээлерине жалпы 200 000 сомдон 98 млн 154 миң 069 сом төлөнүп берилди; 

-Лейлек районундагы 107 толук күйгөн жана 77 капиталдык ремонтко муктаж үй ээлерине жалпы 200 000 миң сомдон  36 млн 8 миң сом төлөнүп берилди:

-Баткен шаарындагы 1 турак үй ээсине 200 000 сом, 2 капиталдык ремонтко муктаж үй ээлерине 200 миң сомдон 400 миң сом төлөнүп берилди. 

Жалпы облус боюнча 678 жарандарга 135 млн 554 миң 069 сом компенсациялар берилди. 

Оңдоп түзөөгө муктаж үй ээлерине даражасына жараша 100 миң сомго чейин компенсациялар төлөнүп берилүүдө. 

-Баткен районунда 115 үй-бүлөгө; 

-Лейлек районунда 15 үй-бүлөгө; 

Жалпы 122 жарандарга 2 млн 784 миң 481 сом компенсация төлөнүп берилди.

Окуяда жабыр тарткан жарандарга компенсация төлөп берүү боюнча:

- Баткен районунун аймагында окуяда жол кырсыгынан каза болгон 12 жаранга 3 млн 960 миң сом;

-Жабыркаган 22 жарандын дарылануусуна 935 миң сом;

-Эвакуация жана азык-түлүкө 1 млн 338 миң сом төлөнүп берилди;

-Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында 2 млн сом акча каражаты төлөнүп берилди;

-Жабыр тарткан жарандардын балдарына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында 58 миң  780 сом бөлүнүп берилди. 

Жалпы 2022-жылдын 17-сентябрынан 31-декабрына чейин 157 млн 337 миң 809 сом акча каражаты каржыланып берилди. Атайын эсепте 194 млн 633 миң 177 сом калдык калган.

Ал эми 2023-жылдын башынан 15-августуна карата облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине  5 млн 243 миң 898 сом келип түштү. Жалпысынан 199 млн 877 миң 075 сомду түздү.

Баардык өрттөлүп жаңыдан турак үйлөрү курулуп, пайдаланууга берилген 411 үй ээлерине кошумча акча каражаты төлөнүп берилди. 

- Баткен районундагы 310 үй ээлерине жалпы 30 млн 950 миң сом төлөнүп берилди; 

-Лейлек районундагы 100 үй ээлерине жалпы 10 млн сом төлөнүп берилди:

-Баткен шаарындагы 1 турак үй ээсине 100 000 сом төлөнүп берилди. 

Жалпы облус боюнча 411 жарандарга  41 млн 050 миң сом компенсациялар берилди. 

-Кошумча актылардын негизинде капиталдык ремонттоо үчүн Баткен районунун 3 жаранына 600 миң сом компенсациялар берилди.

-Кошумча актылардын негизинде кезектеги ремонттоо үчүн жалпы 122 жаранга 2 млн 784 миң 481 сом акчалай компенсация төлөнүп берилди. Анын ичинен:

- Баткен районун 108 жаранга 2 млн 441 миң 681сом;

-Лейлек районунан 14 жаранга 342 миң 800 сом компенсациялар берилди.

-Жабыркаган 16 жарандын дарылануусуна 310 миң сом;

Мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык, өрттөлгөн, уурдалган мал жандыктарынын жана автотранспорт каражаттарынын  ээлерине келтирилген    зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 599 жаранга 122 млн 280 миң 230 сом акчалай компенсация төлөнүп берилди. Анын ичинен:

-Баткен районунун 301 жарандарга 60 млн 801 миң сом;

 -Лейлек районунун 298 жарандарга 61 млн 479 миң 230 сом төлөнүп берилди.

-2021-2022-жылдардагы окуяда каза болгондордун жаркын элесине арнап эстелик куруу үчүн 1 млн 198 миң сом;

-Баткен районунун  Достук айылындагы  күнөскананы калыбына келтирүүгө 764 миң 594 сом бөлүнүп берилди;

Мындан сырткары 3 млн 290миң сом акча каражаты   калыбына келтирүү иштеринде күйүүчү майга, унаа каттамын уюштурууга, жабыркаган жарандардын балдарын эс алууга жиберүүгө, эвакуация болгон жарандардын азык түлүгүнө, муктаждыктарына жумшалган.   

2023-жылдын 15-августуна карата атайын эсепте 27 млн 602миң 632 сом калган.  

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткендин чек ара аймактарын калыбына келтирүү максатында жардам колун сунган мекендештерге,  дүйнө коомчулугуна  терең ыраазычылык билдирет.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызмат