19
Август
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык инвесторлор менен ата мекендик ичүүчү продукцияны экспорттоо маселесин талкуулады жана Үрүмчү ЭЭАнын бондалык аймагына барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында «Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd.» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Да менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн суу ресурстарынын ишке ашпай жаткан потенциалын белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
«Биз мөңгүлөрдүн булагында турабыз жана экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даярбыз. Лаошан сыяктуу компаниялардын тажрыйбасы керек», - деди Акылбек Жапаров.
Өз кезегинде суу жана суусундуктарды чыгарган «Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd.» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасы аркылуу Европа өлкөлөрүнө ичүүчү сууну экспорттоого кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы аракеттерин деталдуу изилдөө үчүн өз ара сапарларды уюштурууну макулдашышты.
СУАРга болгон жумуш сапарынын соңунда МинКаб Төрагасы Үрүмчү шаарындагы эркин экономикалык аймакка барып, бондалык аймактар (алымсыз электрондук соода жайлар) менен таанышты.
Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге Бишкек шаардык эркин экономикалык аймагынын базасында бондалык аймактарды уюштурууну тапшырып, Кыргызстанда электрондук сооданы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн белгиледи.