22
Август
2023
Баткен шаарында 40миң тоокко ылайыкталган ферма ишке кирет
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай зонасында курулуп жаткан ишканадан кабар алды.
Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган.
Жабдуулар Түркия мамлекетинен алынып келинген. Иш процесси, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт.
Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө.
Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөт.
Белгилей кетсек, тоок ферманы куруу үчүн ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30млн сом жеңилдетилген насыя берилген.
Алдыда өндүрүлгөн продукция импорт жана экспортко чыгат.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев облустагы алгачкы автоматташтырылган ыкмада иштеген эң чоң ишкананын толук кандуу ишке кириши, мамлекеттин көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Эске салсак, ишкер Адилет Абдувалиевдин атасы Матиса Надиров Баткен районунун Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок фермасын ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Ишкердин фермасы 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, өзү каза болгон.
Атасынын ишкердигин кайра калыбына келтирүүнү максат кылган уулу Адилет Абдувалиев алты ай аралыгында жаңы ферманы түзүүгө жетишти.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы