22
Август
2023
Облус башчысы Юнисефтин өкүлү Кристина Жольм менен жолукту
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Юнисефтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Жольм менен жолукту.
Облус башчысы өз сөзүндө “Юнисеф биздин эң жакын өнөктөшүбүз деп билебиз. Эң алгач Сиздерге өзүмдүн жана Баткен элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Өзгөчө өткөн жылдары кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларга байланыштуу эвакуация болгон жарандардын биринчи керектелүүчү муктаждыктарын чечүүдө зор колдоо көрсөттүңүздөр. Бул аракетиңиздер жабыркаган калкка өз учурунда чукул жардам болду, мындан ары да Баткен облусу менен Юнисеф уюмунун ортосундагы кызматташтык чыңдалат жана өнүгөт деп ишенем”деди.
Ошондой эле Юнисефтин Ош шаарындагы аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айсулу Сулайманованы жаңы кызмат орду менен куттуктап, ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрындагы чек ардагы куралдуу жаңжалдан соң, Юнисеф уюму тарабынан жалпы суммасы 12 миллион сом өлчөмүндө балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө окуу комплектиси менен гигиеналык каражаттар топтому берилген.
Ал эми Кристина Жольм өз сөзүндө Юнисеф Баткен облусунда социалдык көйгөйлөрдү жеңилдетүүдө ар дайым кызматташууга даяр экенин белгилеп, алдыда пландуу эмдөөнүн зарылчылыгы жөнүндө долбоор ишке кирээрин, анда Баткен, Кадамжай, Лейлек районунун аймагынан 5000 ата-энени камтыган, эмдөөнүн пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштери жүрөөрүн айтты.
Тараптар Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында кызматташууну улантуу боюнча сүйлөштү.
Ыйгарым укуктуу өкүл Юнисефтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Жольм айымга көрсөткөн колдоолору үчүн “Ыраазычылык кат” тапшырды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы