23
Август
2023
Мамлекеттик катчы Баткенде баатыр энеден кабар алды
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында,92 жаштагы Сара Козубаевадан кабар алды.
Козубаева Сара апа Баткен районунун Бужум айылында жашайт.Баатыр эненин жети баласы бар. 92 жаштагы эненин 100дөн ашуун небере,чебере,гыбырасы бар.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Сара апанын ден соолугун,акыбалын сурап,белектерин тапшырып, материалдык жардам көрсөттү.
Сара апа жетекчилердин ишине ийгилик,Кыргызстанга тынчтык,өнүгүп өсүү каалап,батасын берди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы