01
Сентябрь
Эдил Байсалов Баткенде Ж.Бөкөнбаев мектебинин ачылышына катышты
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн 1-сентябрда Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ачылышына катышты.
Буга чейин аталган айылдын 600дөн ашуун окуучусу ашар жолу менен курулган эски мектепте билим алып келген.Ал эми жаңы мектеп 275 орундуу,бардык керектүү шарттары менен курулган.
Жетекчилер окуучуларды "Билим күнү" менен куттуктап,мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жасалып жаткан иш аракеттердин баары,балдардын жаркын келечегине багытталганын белгилеп,окууларына ийгилик каалашты.
Эдил Байсалов өз сөзүндө, бүгүн билим күнүндө Кыргызстанда 42 мектеп ачылып,пайдаланууга берилгенин, 100 мектептин курулушу жүрүп жатканын айтып, билим берүү тармагындагы шартты жакшыртуу,өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенине токтолду.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы