06

Сентябрь

2023

Эл артисти Аппаз Жайнаковдун ысмы орто мектепке ыйгарылды

Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы орто мектепке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Аппаз Жайнаковдун ысмын ыйгаруу салтанатына КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орну басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер, чыгармачыл инсандар, Аппаз Жайнаковдун жакындары, айылдаштары, мугалимдер жана окуучулар катышты. 

Иш чаранын жүрүшүндө А.Жайнаковдун эстелиги ачылып, анын арбайына багышталып куран окулду. 

Салтанаттын катышуучулары Эл артистинин  кыргыз элин, жерин даңазалаган чыгармалары, мамлекеттин гимнине тете болгон обондору түбөлүктүү экенин, миң жылдар алмашса да, бул улуу чыгармалар элдин жүрөгүндө сакталаарын белгилешти.  

Салтанаттуу аземде жергиликтүу таланттар тарабынан Аппаз Жайнаковдун чыгармалары тартууланды. 

Белгилей кетсек, чек арада жайгашкан Үч-Дөбө айылына мамлекет тарабынан типтүү мектеп курулуп, 2022-жылы пайдаланууга берилген. Мектепке Эл артистинин жеке буюмдары, аккардеону, сыйлыктары да коюлду. 

Аппаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында туулган. 

1995-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамына татыктуу болгон. Ал эми 2003жылы Кыргызстандын Эл артисти наамы ыйгарылган. 

2006-жылы Баткен облустук музыкалык драма театрын негиздеген. Обончунун көзү өткөндөн кийин анын аты өзү эмгектенген аталган театрга берилген. 

Аппаз Жайнаков Баткен облусунун гимнинин автору.

Учурда анын ысмы өзү жашаган Баткен шаарындагы көчөгө да ыйгарылган. 

Обончу 2013-жылы 9-октябрда, 53 жашында оорудан улам көз жумган. 

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы