11
Сентябрь
Президенттин китеби окурмандарга жеткирилди
КРнын Президенти Садыр Жапаровдун "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" аталышындагы китеби,Баткен облусундагы мекеме ишканаларга, китепканаларга, окурмандарга жеткирилди.
Китепти окуп чыгып, студенттерге, окутуучуларга, жергиликтүү жетекчилерге баяндама окуган Баткен Мамлекеттик Университетинин окутуучусу, окумуштуу Шайырбек Шеров, “китеп өтө мазмуундуу жана өлкөбүздү ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган” деп белгилейт.
Ошондой эле “ааламдаштыруунун заманында ички жана тышкы суверендүүлүктү идеологиялык, саясий, экономикалык, аскердик, социалдык жана маданий жактан камсыздоого жетишүү. Мамлекет өз тагдырын өзү чечип эле калбастан улуттук баалуулуктарга сугарылган жаны заманбап, чакырыктарга ар тараптуу даяр жана туруштук бере алган муунду түзүүгө багытталган идеологияны байкадым” деп кошумчалайт.
Белгилей кетсек, 8-сентябрда Баткен Мамлекеттик Университетинде аталган китептин маани маңызын, андагы идеологияны коомчулукка жеткирүү боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулар менен студенттер катышты.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы