13

Сентябрь

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Армения Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Армен Гевондянды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кыргыз-армян кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жана Өкмөт башчылар кеңешинин жыйындарынын, ошондой эле ушул жылдын октябрда Бишкекте өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты