13
Сентябрь
Баткен жана Согди облус башчыларынын кезектеги жолугушуусу өттү
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушту. Жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Жолугушуу бүгүн 13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында өттү.
Жетекчилер алгач, буга чейин чек ара аймактарында орун алган куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын арбайына багыштап куран окуп, чек ара аймактарында тынчтык, элибизде аманчылык болсун деп бата кылышты.
Облус башчылары Баткен жана Согди облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу максатында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында кабыл алынган чечимдерди аткаруу улантылаарын белгилешти.
Ага ылайык, облус жетекчилери эл арасында пайда болгон ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө боюнча, чектеш жайгашкан район акимдерине жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине биргелешип иштөө менен коомдук коопсуздукту камсыздоону тапшырышты.
Белгилей кетсек, Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода, чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатында байма-бай жолугушуп турат.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, күч түзүмдөрү күнүмдүк тартипте иштеп жатат.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы