15
Сентябрь
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандык спортчуларды Азия оюндарына узатты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров ушул жылдын 23-сентябрынан 8-октябрына чейин Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына кыргызстандык спортчуларды узатты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы спортчуларга ийгилик каалап, Кыргызстанда спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
“Спорт коомубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып баратат. Биздин спортчулар жаш муундарга чоң үлгү. Президент баштаган мамлекет спортчулардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Эл аралык деңгээлдеги стадиондор курулуп, дүйнөлүк футбол жылдыздары менен беттешүүлөр уюштурулуп, ар бир балага мүмкүнчүлүк болушу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Сиздердин жеңиштериңиз бул максатты ишке ашырууга дагы бир кадам болот», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Башчысы.
Андан кийин Акылбек Жапаров Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Адылбек уулу Эркинге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин тапшырып, спортчуларга күжүрмөндүктү жана алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди каалады.