15

Сентябрь

2023

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Былтыркы Майлуу-Суудагыдай абал кайталанса, кабинетке жеткенге үлгүрбөй кызматтан кетесиздер

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерин өткөрүү иштеринин аткарылышы боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Жыйынды ачып жатып, МинКаб Төрагасы экономика тармактарын жылытуу мезгилине даярдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Теманы Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев улантты.

Өз сөзүндө Энергетика министрлигинин башчысы жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү иштери кызуу жүрүп жатканын билдирди.

“Республика боюнча жалпы электр энергиясын керектөө 17 млрд 400 млн кВт/саат деңгээлинде пландаштырылган. Дефицит 3,2 млрд кВт/саатты түзүп, Түркмөнстан, Казакстан жана Россиядан импорттолот. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,7 млрд кубометрди түзөт. Эл үчүн 182,5 миң тонна көмүр камдоо боюнча сентябрь айынын планы 159,6%га аткарылып, 291,2 миң тонна көмүр камдалды, бюджеттик мекемелер боюнча 2023-жылдын сентябрь айынын планы менен 51,1 миң тонна пландалса, ал 61,4 миң тонна көмүр даярдалды. Газ менен жылытууга 390 миң абонент кошулган. Бардык ГЭСтерде оңдоо иштери жүргүзүлдү, анын ичинде Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты ноябрь айына чейин ишке берилет, чоң трансформатордук көмөкчордондордун кубаттуулугу жогорулады”, - деген Таалайбек Ибраев, электр энергиясын себепсиз өчүрүү пландаштырылбаганын кошумчалады. 

Ал белгилегендей, керектөөчүлөр техникалык шарттарда көрсөтүлгөн эрежелерди сактабаса, мажбурлап жөнгө салуу чаралары көрүлөт.

“Бул башка керектөөчүлөрдү электр жарыгысыз калтырбоо үчүн аргасыз чара болот, андыктан ар бир жаран техникалык шарттарда белгиленген нормаларды сакташы керек. Трансформаторлорго жана жабдууларга көп каражат кетет, оор жүктүн астында авариялар болушу мүмкүн, биз мындай тобокелге бара албайбыз», - деп баса белгиледи Энергетика министрлигинин башчысы.

Мындан тышкары, оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

“Министрлик күн сайын кырдаалга көз салып турат. Былтыр өзгөчө кырдаал болгон Майлуу-Суу жана Орловка өзгөчө көзөмөлгө алынган. Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздоо үчүн 3 откананы капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 27,7 млн сом бөлүнүп, №3 отканага резервдик суу тартылды. Орловка боюнча ал жердеги №2 откана толугу менен алмаштырылды, 1-октябрдан тарта ишке кирет, №3 откана көмүр менен камсыздоого өттү, мындан тышкары бардык тиешелүү клапандар, насостор алмаштырылып, оңдолуп бүттү”, - деди энергетика министри.

Ал ошондой эле Энергетика министрлигинин электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча пландары тууралуу маалымат берип, республикада бир катар кичи жана орто ГЭСтерди куруу пландалып жатканын белгиледи.

“Жалпысынан баары кадимкидей эле жүрүп жатат. Республика боюнча электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт”, — деди Таалайбек Ибраев.

Өз кезегинде МинКаб Төрагасы 2023-жылдын октябрынын башында уюштурулушу керек болгон өзгөчө кырдаалдарда энергетикалык комплекстин ишин калыбына келтирүү боюнча масштабдуу машыгууларды өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Президенттин республика аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн отчеттору угулду.

Алардын маалыматын уккан МинКаб Төрагасы энергетика тармагында эбегейсиз иштер аткарылып жатканын айтып, ГЭСтер курулуп, энергетикалык жабдуулар оңдолуп, трансформаторлор жаңыланууда, инвесторлор тартылууда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, шамал жана күн станцияларын куруу, энергетиктер 24/7 иштеп жатышканын кошумчалады. 

“Кыш күтүлбөгөн жерден келди деп айтканыңарды укпайын. Кышка даярдык 100% болушу керек. Былтыркы Майлуу-Суудагыдай абал кайталанса, кабинетке жеткенге үлгүрбөй кызматтан кетесиздер”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырып, республиканын ар бир жараны, өзгөчө мамлекеттик мекемелер, мектептер, ооруканалар кышка даяр болушу керектигин белгиледи.