15

Сентябрь

2023

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Аралды куткаруу эл аралык фондунун негиздөөчү-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Аралды куткаруу эл аралык фондун негиздөөчү-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында мындан аркы аймактык кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кыргыз делегациясы Саммитке байкоочу катары катышып жатканына карабастан, Кыргыз Республикасы конструктивдүү жана өз ара пайдалуу аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү жана альтернативасы жок позициясын карманат.

“Кыргызстан тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарынын түзүлүүчү зоналарын сактоого багытталган эл аралык деңгээлдеги демилгелерди илгерилетүүдө”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Бул багытта кыргыз тарап суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, бул тармактын ар кандай табигый жана антропогендик таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Кыргыз тарап ошондой эле бул процесс бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жаңы аймактык түзүмдүн жогорку натыйжалуу жана ачык-айкын ишмердүүлүгүн калыптандырууну камсыз кылуу үчүн Аралды куткаруу эл аралык фондун реформалоонун маанилүүлүгүн белгиледи.