17

Сентябрь

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын токой чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын токой чарба кызматкерлерин кесиптик майрамына карата куттуктады. 

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу токой тармагынын кызматкерлерижана ардагерлери! 

Токой кызматкерлеринин күнү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Токой кызматкерлеринин күнү — бул токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жана бүтүндөй жаратылыш комплексин калыбына келтирүүгө жана өркүндөтүүгө салым кошууга катышкандардын майрамы болуп эсептелет.

Азыркы мезгилде климаттын өзгөрүшү, экологиялык коопсуздук, адам жашоосуна жагымдуу чөйрө, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы, жерлердин деградациясы башкы маселеге айланууда. Токойлор көмүртекти сиңирүү масштабы жана өзгөчө анын узак мөөнөттүү топтолушун жоюуда парник газдарын чөктүрүүнүн жана кармоонун эң ишенимдүү табигый системасы катары таанылат.

Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу коомдогу ар бир адамдын милдети экенин адамзат түшүндү! Анткени, баа жеткис бул капиталды башкаруубуз, бүгүнкү күндө жашап жаткандардын эле эмес, келечек муундардын да бакубат жашоосуна өбөлгө түзөөрү айкын.

Кыргызстандын токой тармагында өз ишинеберилүү менен жаратылыштын жана коомчулуктун алдында кесиптик милдетин ак ниет аткарып, тандап алаган кесибине ишенимдүү иштеп жатышкан жогорку квалификациялуу кызматкерлерди белгилөө өзгөчө жагымдуулукту жаратат.

Ак эмгегиңиздер жана тандап алган кесибиңиздерге берилип иштегениңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем!

Токой тармагынын ар бир кызматкерине жана ардагерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана майрамдык маанай каалайм!»