21
Сентябрь
2023
Баткендин ирригация тармагында 4,5млрд сомдук жумуштар аткарылууда
Суу чарба тармагын өнүктүрүнүн мамлекеттик программасына Баткен областы боюнча 8 чоң суу чарба объектилери киргизилген.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик программанын негизинде 3 долбоор ишке ашырылды жана 1 долбоор ишке ашырылууда.
Алар,
-Кадамжай районундагы Кара-Кыштак–Боз каналында 403,9 млн.сомдук жумуштар аткарылып, канал пайдаланууга берилди.
-Молдо-Нияз каналынын курулушуна 280,0 млн.сом жумшалып, толугу менен бүткөрүлүп элге сугат суу берилүүдө.
-Баткен районуна караштуу Р-4 каналын кенейтүү жана Р-4 ички чарбалык каналынын курулушуна 424,0 млн сом жумшалып, курулуш бүткөрүлгөн.
-Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу чыгаруу үчүн Максат айылына дюкер куруу курулушун 1-этабынын негизинде Кулунду каналынын башкы суу алуу түйүнүндө 95,3 млн.сомдук жумуштар жана 2 этабынын алкагында 217,2 млн.сомдук жумуштар аткарылды.Курулуш уланууда.
Мындан сырткары капиталдык салымдар беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттен бир катар обьекттер жаңыдан курулууда;
-Кадамжай районунун Халмион айыл округун суугат суу менен камсыз кылуучу көз карандысыз Р-1 каналынын курулушуна 155,6 млн.сом ажыратылып, учурда курулушу аяктап, суу пайдалануучуларга сугат суу берилүүдө.
-Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай участкасындагы жаңы насостук станциясынын курулушунун жалпы наркы 55,0 млн сом, учурда обьекттин курулушу толук аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.
-Баткен районундагы Кара- Токой айылындагы Ширеч насостук станциясы үчүн 3740691 сомго, 3 комплект агергат сатып алынып эксплуатацияга берилди.
-Баткен районунун Капчыгай айылында 2млн 700миң сомго бааланган насостук бекеттин негизги курулуштары бүткөрүлдү.
-Баткен районунун Чарбак айылындагы
Кесек-Таш участкасындагы насостук бекетин курууга 2 400 000сомго жумуштар бүткөрүлдү. Сугат суу чыгарылды.
Мындан сырткары суу чарба обьекттерине насостук агрегаттарды орнотуу, каналдарды тазалоо, керектүү тетиктер менен камсыздоо, СПАларды колдоо жана өнүктүрүү жаатында иштер аткарылууда.
Ошондой эле 2023-жыл үчүн ирригациялык обьекттердин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары үчүн да 60млн сом бөлүнгөн.
Бул иш аракет Баткен облусунда сугат суу жеткирүүнү жакшыртууга багытталган.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы