02
Октябрь
Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Кыргызстанда системаны жана бизнести талдоо боюнча биринчи эл аралык конференция өтөт
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын колдоосу аркылуу Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Борбор Азиядагы I аналитикалык курултай – Кыргыз Республикасындагы системаны жана бизнести талдоо боюнча I эл аралык конференция өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу Беларусь Республикасынан, Россия Федерациясынан, Кипр Республикасынан, Казакстан Республикасынан тажрыйбалуу спикерлерди чакырган. Алар баалуу жана пайдалуу тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр. Спикерлер "Газпромнефть – Санариптик чечимдер", "EPAM Systems", "Сбербанк", "Geek Brains", "Escalate", "ЮниКредит Банк", "VEB Technologies" ж.б. сыяктуу компанияларда иш алып барган жана иштеп келет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу 2022-жылдын жазында түзүлгөн жана анын 400дөн ашуун катышуучусу бар. Коомчулук баяндамалардан баштап практикалык мастер-класстарга жана сессияларга чейин 10дон ашуун акысыз иш-чараларды өткөргөн.
Төмөндөгү тиркеме аркылуу кененирээк маалымат алсаңыздар болот.