01

Ноябрь

2023

Минкаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Т&T Airports” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «T&T Airports» түркиялык курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда курулуш жана авиация тармагындагы кызматташуу, ошондой эле социалдык объектилерди жана жол инфраструктурасын куруу долбоорлорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Кыргызстандын Президенти тарабынан «Министрлер Кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири» катары белгиленгендигине токтолду.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, өлкөнүн түз инвестициялардын агымын стимулдаштырууга багытталган мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген

Жолугушуунун жыйынтыгында «түз байланыштарды» жайгаруу зарылдыгы белгиленди, буга байланыштуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана “Т&T Airports” компаниясынын менеджментинен келечектүү долбоорлорду, анын ичинде аталган жолугушуу алкагында жарыяланган долбоорлорду тыкыр изилдөө жана талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.