23
Ноябрь
Акылбек Жапаров: 2024-жылы энергетика тармагына 74,9 млрд сом бөлүнөт
2024-жылы энергетика тармагына 74,9 млрд сом бөлүнөт. Анын ичинде энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 55,8 млрд сом каралат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо алкагында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бүт өлкө боюнча канча энергия өндүрүлүп жатканы онлайн режимде көрө алабыз. Жакын арада керектөөнүн көлөмү да дал ушундай санарипке түшүрүлөт.
«Жакынкы жылдары 7 миң МВттык ири долбоорлор ишке ашат: Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтеринде өндүрүү кескин көбөйөт. Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз каскаддары курулат. Куланак ГЭСи ишке кирет, 30дан ашык чакан ГЭС иштей баштайт. Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн Дүйнөлүк банк менен макулдашууга кол коюштук. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынан: шамал, күн станциялары да курулат. Газдаштыруу иштери жүрүп жатат. Бишкектин экология маселеси жакынкы жылдары чечилет», - деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы тоо-кен тармагына да токтолуп, тоо-кен тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги өзгөчөлүгү Кыргызстандын жер казынасын геологиялык изилдөөгө каражат бөлүү экенин белгиледи. 2024-жылы бул максаттарга 1 млрд сом каралган.
«Албетте, тоо-кен тармагындагы чоң жеңиш – Кумтөр. Азыр Кумтөр элдин үмүтүн актап жатат. Жалпы тоо-кен тармагы 2020-жылы 18,2 млрд сом киреше берсе, 2022-жылы 48,4 млрд сом киреше берди, бул 2,5 эсеге көп. Бардык кендерде 90%дан ашыгы кыргыз жарандары иштейт», - деди Акылбек Жапаров.