23
Ноябрь
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Мамлекеттик саясатта экономикага каражат салуу өнүгүүнүн негизги инструменти болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында республикалык бюджеттин аткарылышы жана алдыдагы жылдардын бюжети тууралуу маалымат берип жатып, экономика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду.
Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Кепилдик фонду 2021-жылдан 2023-жылдын 31-октябрына чейин 5,36 млрд сомго 5507 кепилдик берди. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы түзүлдү, уставдык капиталы 16,6 млрд сомго жетти. Альфа Телекомдун акцияларынын контролдук пакетин сатып алууга жетишти. Азыр өнүктүрүү боюнча модели иштелип чыгууда. Башкысы ири улуттук жана өлкөлүк (страновой) долбоорлорду каржылайт”, - деди ал.
МинКаб Төрагасы мындан тышкары Кыргызиндустрия 2 жылда 20 ишканага старт бергенин билдирди.
“Топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, электроника, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин жана башкаларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз пайда болду” – деди.
Туризмди өнүктүрүү үчүн дагы 2022-жылы Фонд түзүлгөн, учурда 19 долбоор ишке ашырылууда. Булардан тышкары каржылоо – өнүктүрүү фонддору аркылуу дагы жүргузулүп жатканын кошумчалады.