23
Ноябрь
Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына Президенттин Администрациясы тарабынан мамлекеттик башкаруу процессинде колдонулуп жаткан алдыңкы технологияларды сунуштады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчеттун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Президенттин Администрациясы тарабынан мамлекеттик башкаруу процессинде колдонулуп жаткан прогрессивдүү технологияларды көрсөттү.
Бул технологиялар экономиканын ар кыл тармагын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Мисалга, Жогорку Кеңештин депутаттарына Кумтөр кениндеги учурдагы иштердин жүрүшү көрсөтүлдү, анда 380ден ашык камера, анын ичинде карьерге жана оңдоочу жайга багытталган камералар орнотулган. Ошондой эле 1-декабрдан тарта күнү-түнү иштөө режимине өтө турган Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши да көрсөтүлдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле депутаттарга электр энергиясын өндүрүүгө мониторинг жүргүзүү системасын, анын ичинде Токтогул ГЭСинин көрсөткүчтөрү менен тааныштырып, ошондой эле Кара-Кече көмүр кенинин ишин көрсөттү. Салыктык түшүүлөрдү реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө системасына өзгөчө көңүл бурулду, бул борбордогу «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнүн мисалында, анын ичинде ири соода түйүндөрүн жана жеке ишкерлерди камтуу менен республика боюнча динамикага мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.