31

Декабрь

2023

Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Ал МинКаб Төрагасына бекем ден соолук, бакыт-таалай жана 2024-жылы ийгиликтерди каалады.