05

Январь

2024

2024-жылга карата ирригация тармагын жакшыртуу иштери кызуу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы ирригациянын абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. 

Анда облустагы Агермен, Кара-Тума, Макачи, Спартак, Төмөнкү Ала-Арча, Ашмара суу сактагычтарынын, Молтобар, Ак-Суу,  Шорго декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин жана "Совхозный" каналын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле, "№ 2" суу сактагычын толтуруу үчүн 6 скважинаны калыбына келтирүү иштерин кыска убакыт аралыгында бүтүрүү тапшырмасы берилди. 

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өлкөнүн ирригация тармагын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилгенин белгилеп, ага мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сом бөлүнөөрүн айтты.