08

Январь

2024

Мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров борбордук “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү аземине катышты.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, , Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги – Коргоо министринин биринчи орун басары Руслан МукамбетовБишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана желектин авторлору Жусуп Матаев менен Бекбосун Жайчыбеков катышты.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык спецификациясы бекитилген.