24

Январь

2024

2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча “Жол карта” бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча “Жол картаны” бекитүү тууралуу токтомго кол койду. 

 Аталган токтомдун максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы № 303 Жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу болуп саналат.   

 Бекитилген жол картасында, улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдары жасала турган иш чаралардын планы каралган.  

 Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет