27
Январь
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болду
Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2024-жылдын 21-январынан 27-январына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек калган аймактарында биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүп, ишти Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.