09

Февраль

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркия Республикасына келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров расмий сапар менен Анкара шаарына (Түркия Республикасы) келди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды. 

Расмий сапардын алкагында МинКаб Төрагасы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат. 

Ошондой эле, Түркия Республикасынын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.