16

Февраль

2024

2024–2026-жылдарга карата Кыргызстандын шаарларында креативдүү кластерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди

2024–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын шаарларында креативдүү кластерди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.  

 Документ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.  

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамды так аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү тапшырылды. 

 Иш-чаралар планын өз убагында аткаруунун мөөнөтү белгиленген. Креативдүү кластерлерди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы 9 тапшырмадан турат, алар шаарларда креативдүү кластерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, креативдүү индустрия боюнча өз бренддерин илгерилетүү үчүн аларды региондук (шаардык) деңгээлде калыптандыруу, региондордо (шаарларда) креативдүү хабдарды, чыгармачыл инкубаторлорду жана борборлорду уюштуруу, региондордо (шаарларда) креативдүү экономиканын калк үчүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун жайылтуу, региондордо (шаарларда) жаштардын арасында креативдүү индустрияларга кызыгуусун жогорулатуу, региондордо (шаарларда) өсүп келе жаткан муун жана кызыкдар адамдар үчүн кесипке багыт берүүчү иш-чараларды өткөрүү, региондордо (шаарларда) креативдүү индустриялар чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүк моделдерин иштеп чыгуу жана киргизүү, региондордо (шаарларда) креативдүү индустриялар чөйрөсүндөгү МЖӨ долбоорлорун пайдалануу, “Кыргызстандын креативдүү картасы” санариптик платформасын жана “Маданий маршрут” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү.