16

Февраль

2024

Кыргызстанда 2024-жылы бир нече ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт

2024-жылы Бишкек шаарында бир катар ири эл аралык спорттук иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. 

Тактап айтканда, Бишкек шаарында төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралар өткөрүлөт: 

- 2024-жылдын 21-февралынан 26-февралына чейин 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана кенже балдар арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу; 

- 2024-жылдын 26-февралынан 3-мартына чейин бильярд боюнча эркектер жана аялдар арасында дүйнө чемпионаты; 

- 2024-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин «А» тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты; 

- 2024-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин аялдар командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты; 

- 2024-жылдын 25-мартынан 30-мартына чейин угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионат; 

- 2024-жылдын 11-апрелинен 16-апрелине чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты; 

- 2024-жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү XXXIII Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири. 

Эдил Байсалов белгилегендей, бул спорттук иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн профилдик мамлекеттик органдар тиешелүү иш-чараларды өз убагында жана толук ишке ашыруусу зарыл.