16
Февраль
Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо пилоттук долбоордун алкагында онлайн режиминде жүргүзүлөт
Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Бул пилоттук долбоорду 2024-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды.
Документ кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режиминде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартибин бекитти.
Токтом санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын жарандарына санариптик форматтагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган.