28

Февраль

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Кыргызстан түрк ишкерлеринин ыңгайлуу бизнес жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди.
 
МинКаб Төрагасы жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагында бизнесин ыңгайлуу жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.
 
Белгилей кетсек, бул жолугушуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Түркия Республикасынын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн уландысы болду.