28

Февраль

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды. 

МинКаб Төрагасы Элчиге 2023-жылдын ноябрь айында Улуу Британияга болгон жумуш сапарын уюштурууга көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

“Кыргыз-британ мамилелеринин 30 жылдан ашык тарыхында биринчи жолу ушундай деңгээлде уюштурулган сапардын бай программасын канааттануу менен белгилегим келет. Менин сапарымдан кийин “Rotschild&Co”, “Franklin Templeton” сыяктуу атактуу британ компанияларынын Кыргызстанга келгендиги кубандырат, алардын өкүлдөрү менен жеке жолугушууларды да өткөрдүм”, - деди ал. 

Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер британ тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун ырастады. 

 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын күн тартибине кирген  соода-экономикалык, инвестициялык жана тоо-кен тармагындагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.