01

Март

2024

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бажы алымдарынын ставкаларын нөлгө салуу маселелери боюнча чечимдерди такай талдап туруу зарылдыгын белгиледи

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) мүчөлөрүн Биримдиктин органдарынын бажы алымдарынын ставкаларын нөлгө салуу боюнча чечимдерин такай талдап турууга чакырды. Бул тууралуу ал Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүп жаткан ЕЭК Кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди.

Кеңештин отурумунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ЕЭК Кеңешинин бажы алымдарынын ставкаларын нөлгө салып туруу, айрым өлкөлөргө же жалпы Биримдикке жеңилдиктерди же квоталарды берүү боюнча кабыл алынган чечимдерге Комиссия тарабынан туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча тапшырмасын эске салды.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек жана Кыргызстан аны бекемдөө зарылдыгын бир нече жолу көтөрүп келет.

“Бирок, бул иш көп жылдардан бери Коллегия тарабынан жүргүзүлбөй келет. Мониторингдин жана эффективдүү анализдин, анын ичинде экономикалык максатка ылайыктуулугун жана жалпы жоголгон кирешени эсептөөнүн жетишсиздиги мындай маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууну кыйындатат”, — деди Адылбек Касымалиев.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Адылбек Касымалиевдин сунушун ЕЭК Кеңешинин тиешелүү буйругу менен бекитүүнү чечишти.