03
Март
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун жолугушуусу өттү
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү.
Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.