03

Март

2024

Министрлер Кабинетинин сайтындагы пресс-релиздерди мамлекеттик тилде аудио форматта угууга болот

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин www.gov.kg расмий сайтында жарыяланган пресс-релиздерди мамлекеттик тилде аудио форматта угууга болот.

Белгилей кетсек, өткөн жылы кыргыз тилинде жасалма интеллектти окутуу үчүн бюджеттин эсебинен суперкомпьютер сатылып алынып, кыргыз тилин таануу жана синтездөө боюнча алгачкы кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Бүгүн мамлекеттик радиодо санариптик диктор жаңылыктарды кыргыз тилинде окуп жатат.  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда Министрлер Кабинетинин сайтында кыргыз тилиндеги тексттик билдирүүлөрдү аудио форматка которуу мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыкты.