06

Март

2024

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров "Почта Банкты" түзүү боюнча кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту

 Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров "Почта-банкын" ачуу перспективаларын талкуулоо боюнча  кытайлык “Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd” компаниясы менен жолугушту. 

 Белгиленгендей, 2023-жылдын 19-августунда «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому менен Sichuan Hongxinde Equity Investment Fund Management Co., Ltd. ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.  2024-жылдын январында тараптар ортосунда биргелешкен инвестициялоо боюнча алкактык келишимге кол коюлган.

 Почта банкы ачылгандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагында бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү, жарандар үчүн жеткиликтүү социалдык-багытталган көп функционалдуу калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү аркылуу «Кыргыз почтасы» ААКга таандык объекттерди модернизациялоо, реконструкциялоо же куруу ишке ашырылат. 

Тараптар биргелешкен долбоорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.