09

Март

2024

Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселесин талкуулашты

2024-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.