12

Март

2024

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. 

Минкаб башчысы Бакытжан Сагинтаевди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, көп жылдык тажрыйба жана биримдиктин учурдагы өнүгүүсүнүн бардык аспектилерин билүүсү, ЕАЭБдин потенциалын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. 

Тараптар евразиялык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, өз ара соодада товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, Биримдик комиссиясынын ыйгарым укуктарын күчөтүү маселелерин талкуулашты.