27

Март

2024

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова жетектеген делегация менен жолукту. 

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана эки тараптуу кызматташуунун келечектүү долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты. 

МинКаб Төрагасы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтып, анын экономикалык, экологиялык, социалдык жактан кеңири пайдасы жана өлкө үчүн жана Борбор Азия аймагы үчүн келечеги бар экенин белгиледи. 

Тараптар Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун 2024-жылдын апрелинде боло турган “жазгы жолугушууларын”, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Австрияда боло турган энергетикалык форумун талкуулашты. 

Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Наквини өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.