29
Март
2024
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “Крокус Сити Холлдогу” теракттан курман болгондордун мемориалына барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы стихиялуу мемориалга барып, 2024-жылдын 22-мартында террордук чабуулда курман болгондордун элесин эскерди.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 101-жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен келген.