29

Март

2024

Акылбек Жапаров: Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында Кыргызстанда 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат

2024-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасында 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарында электр энергиясын өндүрүүчү катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземинде сүйлөп жатып билдирди.  

 “Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп, анын алкагында Кыргызстанда 100 ири өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объектилер ачылат. Маселен, Чүй облусунда цемент заводу, жеңил унааларды чыгаруучу кыргыз-өзбек заводу, кафель чыгаруучу завод, тамеки чыгаруучу жана башка ишканалар ачылат”, - деди Акылбек Жапаров.